Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:12

Сел суусу Жалал-Абадда көпүрөнү агызып кетти, Нарында көчөлөрдү каптады


Нарын. 3-июнь, 2020-жыл.
Нарын. 3-июнь, 2020-жыл.

Республиканын айрым аймактарында 3-июндун кечиндеги нөшөр жаандын кесепеттерин жоюу, материалдык чыгымды тактоо иштери жүрүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Нарын шаарында нөшөрлөп жаап өткөн жамгырдын кесепетинен коктулардан келген сел суусу Чоң-Нарын каналынан ашып, Батыш, Алма-Бак, Ак-Коргон, Көтөрмө тилкелеринде жайгашкан 60 турак үйдүн короосун, чарбалык курулуштарын жана кара жолдорду каптаган.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кутунай тилкесинде сел жүрүп, төрт үйдүн ичин, эки сарайды жана 15 үйдүн короосун каптаган. Тогуз-Торо районунда Кара-Суу айылындагы бир ички чарбалык көпүрөнү агызып, сегиз турак үйдүн короосуна суу кирген. Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 265-266-чакырымындагы суу өткөрүүчү түтүктөн суу ашып, жолду шагылга толтурган.

Адам өмүрүнө зыян келген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG