Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:17

«Чоң казаттын» мүчөсү Мамытканов ИИМде суракта болду


Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

Өзүн «Чоң казат» деп атаган кыймылдын мүчөсү Максат Мамытканов бүгүн 3-июнда Ички иштер министрлигинде суракта болду. Ал тергөө сырынын купуялыгына байланыштуу сурак учурунда эмне тууралуу кеп болгонун айта албай турганын белгилеп, болгону «Чоң казаттын» эмне кызыкчылыгы бар? Саясатка аралашасыңарбы?» деген суроолор берилгенин «Азаттыкка» билдирди.

Буга чейин Интернеттеги социалдык түйүндөрдө «Чоң казат» деген уюм айрым аткаминерлердин, саясатчылардын байлыгы жөнүндө айтып чыкканы кызуу талкууланган. Ага дейре бул кыймылдын мүчөсү деген Сыймык Жапыкеев аттуу мурдагы активист Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөн жолдор менен байыган деп айыптап чыккан. Арасында парламент депутаты Кубанычбек Жумалиевди да атаган. Жумалиев өз дарегине айтылгандарды четке каккан жана сотко берген.

Ички иштер министрлиги Жапыкеевдин билдирүүлөрү боюнча Жазык кодексинин «Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырык» деген беренеси менен, ал эми Финансы полициясы Жумалиевге карата «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде териштирүү жүргүзүп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG