Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:11

Министрлик коронавирустан көз жумган дарыгердин жакындарына көңүл айтты


Альберт Исмаилов.
Альберт Исмаилов.

Ошто коронавирустан каза болгон фтизиатр-дарыгер Альберт Исмаилов өз кесибин сүйгөн, ишине так, чыгармачыл, кесипкөй, уюштургуч, жоопкерчиликти сезе билген адис катары таанылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маркумду эскерген билдирүүсүндө айтылат. 36 жылдык эмгек жолунда «Саламаттык сактоонун мыктысы» наамын алган, Ош облустук жана Кара-Кулжа райондук администрацияларынын сыйлыктарына татыган.

«Дарыгер Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында туулган. 1984-жылы Бишкектеги Медицина академиясынын «Дарылоо иши» факультетин аяктап, эмгек жолун Ош шаардык инфекциялык ооруканасында инфекционист болуп баштаган. Ошол мекемеде бөлүм башчы, кийин Кара-Кулжа райондук ооруканасында инфекционист, кийин ошол эле ооруканада фтизиатр болуп эмгектенген. 1994-2013-жылдары Кара-Кулжа райондук тубдиспансерине башкы дарыгер болуп дайындалган. 2013-жылдан ушул мезгилге чейин Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун дарылоо-кеңеш берүү бөлүмүндө фтизиатр-дарыгер болуп эмгектенип келген. Үч уул, бир кыздын, жети неберенин атасы. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин жана министрликтин атынан жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Мекеме Альберт Исмаилов 2-июнда коронавирустан кийин каза болгонун кабарлады. Министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, 59 жаштагы фтизиатр-дарыгер ооруну Ош облусунун аймагында пневмония болгон бейтаптарды дарылап жүрүп жугузуп алган.

Кыргызстан боюнча коронавирус илдетине 365 медицина кызматкери чалдыкты. Буга чейин алардын ичинен 58 жаштагы дарыгер Жүзүмкан Көкүмбаева 2-майда каза болгон​. 265 кызматкер сакайып кеткен.

Жалпысынан 18-марттан 3-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 1871 адамдан табылды, алардын ичинен 20 бейтап кайтыш болду, 1265 адам айыгып чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG