Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Ысык-Көл: Эс алуу жайларына жаңы санитардык эреже боюнча иштөөгө уруксат берилди


Ысык-Көл. Архивдик сүрөт.
Ысык-Көл. Архивдик сүрөт.

Ысык-Көлдө пансионаттардын жана конок үйлөрдүн иштешине уруксат берилди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев билдирди.

Коронавирус шартында пансионаттар менен менчик конок үйлөрүнүн иштөө эрежелерин Туризм департаменти Саламаттык сактоо министрлиги жана коронавируска каршы облустук штаб менен чогуу иштеп чыккан. Анын негизинде көл жээгиндеги туристтик объектилердин даярдыктарын атайын түзүлгөн комиссия текшерип чыкты. Санитардык нормаларды сактагандарына 1-июндан ишти баштоого уруксат берилди.

29-майда күчүнө кирген жаңы эрежелерге ылайык пансионаттар менен конок үйлөр санитардык абалына, эс алуучуларды кабыл алуунун, эс алуусун уюштуруунун тартибине тиешелүү отуздан ашык талаптарды сакташы керек.

Туристтер көп каттаган Ысык-Көл районунун аймагында 191 пансионат жана 300дөн ашык жеке конок үйү бар. Аларда былтыр бир миллион 100 миңдей адам эс алып кеткен.

Ысык-Көлдөгү пансионаттар менен конок үйлөр коронавируска каршы облустук штабдын чечими менен быйыл 16-мартта жабылган болчу.

18-марттан 1-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 1817 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болуп, 1181 бейтап айыкты. Ысык-Көл облусу коронавирус аз катталган аймак болуп калды. 1-июнга карата башка аймактарда катталгандардын саны төмөнкүдөй:

Бишкек шаарында - 457

Нарын облусунда - 372

Ош облусунда - 219

Ош шаарында - 191

Жалал-Абад облусунда - 162

Чүй облусунда - 133

Баткен облусунда - 29

Ысык-Көл облусу - 14

Талас облусунда - 0

Мындан тышкары Орусиядан кайтып келген эмгек мигранттарынын, курсанттардын жана башкалардын арасынан 240 жаранжан вирус аныкталды. (KS)

XS
SM
MD
LG