Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:53

Акрам Мадумаров: Кыргыз-өзбек чек арасындагы бүгүнкү окуя сүйлөшүү жолу менен жөнгө салынат (видео)


Окуя болгон жер. 2020-жылдын 31-майы.
Окуя болгон жер. 2020-жылдын 31-майы.

Кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек жеринде 31-майда чыккан окуя сүйлөшүү жолу менен жөнгө салынат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди.

Анын айтымында Баткендин Кадамжай районуна караштуу жерде Чечме деген булак бар, эки өлкөнүн тургундары жыл сайын аны тазалап, биргеликте иш жүргүзөт:

"Кандайдыр бир себептер менен айтыша кетип, бири-бири менен урушуптур. Жергиликтүү бийлик деңгээлинде сүйлөшүү журүп жатат. Таш ыргытышыптыр деп жатышат.”

Мадумаров чогулгандар канча, жабыркагандар барбы-жокпу, азырынча так маалымат жок экенин айтып, эки тарап пайдалануучу булак тактала элек тилкеде жайгашкандыктан ал жерде чыр жыл сайын эле чыгып турарын, сүйлөшүү жолу менен чечилерин кошумчалады.

Өкмөттүн маалыматына караганда, кыргыз-өзбек чек арасынын 95% макулдашылган. (RK)

Чечме булагы чырга себеп болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:59 0:00

XS
SM
MD
LG