Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:49

Данияр Сыдыков: тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүү жүргүзүлөт


Данияр Сыдыков.
Данияр Сыдыков.

Өкмөт жакын арада конкреттүү сунуштарды даярдап, тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков 28-майда пандемиянын экономикалык кесепети талкууланган эл аралык форум жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, эл аралык форум видео конференция форматында болду.

Ага катышкан президент Сооронбай Жээнбеков азыркы кырдаалда БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча үч этаптан турган сунуш киргизген.

Данияр Сыдыков өкмөт жакын арада бул маселе боюнча конкреттүү сунуштарды даярдап, тышкы карызды терең реструктуризациялоо жаатында өнөктөш өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр өткөрүлөт деген ишенимин билдирген. Кеп кайсы мамлекеттер тууралуу жүрүп жатканын тактаган эмес.

Сыдыковдун айтымында, карызды реструктуризациялоо - өкмөт белгилүү бир долбоорду жүзөгө ашырып, аны каржылап, өзүнүн бюджеттик каражаттарын бөлүп берет дегенди түшүндүрөт. Ал эми өнөктөш өлкө берген тышкы карызын кечет. Мунун баары тиешелүү келишим менен даярдалат. Мындай тажрыйба дүйнөдө бар жана анын ишке ашышы реалдуу.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш пандемиянын экономикалык кесепети талкууланган жыйында жакыр өлкөлөрдүн тышкы карыздарын жеңилдетүү тууралуу демилге көтөргөн.

27-майда Кыргызстан Кытайдан карыз төлөөдө жеңилдик берүүнү суранган.​

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандын 3,9 млрд долларга жеткен тышкы карызынын көбү (1,7 миллиард доллардан ашык каражат) Кытайга тиешелүү. (NT)

XS
SM
MD
LG