Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:52

Гутерриш айрым өлкөлөрдүн карызын жеңилдетүүгө чакырды


Антониу Гутерриш.
Антониу Гутерриш.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш коронавирус пандемиясынын айынан өнүгүп келаткан өлкөлөр жапырт ачарчылыкка кабылып, жумушсуздук күчөшү мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу ал 28-майда пандемиянын экономикалык кесепетин талкуулаган БУУнун жыйынында билдирди.

Баш катчы буга байланыштуу глобалдык деңгээлдеги орток аракеттерге чакырды. Ал айткан сунуштардын арасында жакыр өлкөлөрдүн тышкы карыздарын жеңилдетүү да бар.

«Глобалдык экономикалык төмөндөөнүн айынан көптөгөн өнүгүп келаткан өлкөлөр, жада калса кирешеси орто мамлекеттер да өтө кыйын абалда калды. Алар карыз кризисине туш болушту же жакында туш болушат. Кыйратуучу карыз жүгүн жеңилдетүү азыраак өнүккөн өлкөлөр менен гана чектелбеши керек», - деди баш катчы.

Гутерриш өнүгүп келаткан жана орто кирешелүү өлкөлөрдү да колдош керек экенин кошумчалады.

Дүйнөнүн ири 20 экономикасы болуп саналган жана насыя берүүчү өлкөлөрдүн уюму (Париж клубу) апрель айында 77 өлкөгө карызын төлөөнү жыл аягына чейин жылдырууну сунуш кылган. Дүйнөлүк банктын башчысы Дэвид Малпасстын маалыматына караганда сунушту азырынча ал өлкөлөрдүн жарымына жакыны гана кабыл алды.

XS
SM
MD
LG