Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:46

Өзбекстан туризмин эки баскычта калыбына келтирет


Шавкат Мирзиёев туристтик долбоорлордун бет ачарында. 27-май, 2020-жыл.
Шавкат Мирзиёев туристтик долбоорлордун бет ачарында. 27-май, 2020-жыл.

Өзбекстан туризм тармагын эки баскыч менен калыбына келтирүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев 27-майда туризм тармагындагы долбоорлордун бет ачарында билдирди.

Биринчи этапта «жашыл» статусу бар аймактардын арасында ички туризмге уруксат берүү жагы каралган. Тоолуу аймактарда жана көл жээктеринде жеңил конструкция менен эс алуу жайларын куруу тапшырылды. Эс алуу жайларынын дареги такталып, бирдиктүү электрондук порталга жайгаштырылышы шарт.

Экинчи баскычта коронавирус кырдаалын жөнгө сала алган өлкөлөрдү тизмелеп, алар менен туристтик байланышты акырындап калыбына келтирүү пландалууда.

Президенттин басма сөз кызматы Өзбекстанда ички жана тышкы туризмдин токтоп калганына байланыштуу 250 миң кишинин иши кыйындаганын белгилейт. Алардын арасында гиддер, кол өнөрчүлөр, андан тышкары архитектуралык эстеликтердин, курорттордун, тамактануучу жайлардын, транспорт компанияларынын жумушчулары бар.

Пандемиянын айынан Өзбекстанда 1,5 миңден ашуун туроператор жана 1,2 миң мейманкана ишмердигин токтоткон.

XS
SM
MD
LG