Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:44

Канат Хасанов «Чоң казаттын» ишине байланыштуу суракка чакырылды


Канат Хасанов.
Канат Хасанов.

Өзүн «Чоң казат» деп атаган кыймылдын өкүлү, юрист Канат Хасанов Ички иштер министрлигине суракка чакырылганын «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди.

Видео билдирүүсүндө Хасанов өзүн камоо аракети болушу ыктымал экенин айтып, тарапкерлерин эч кандай колдоо акцияларына чыкпоого чакырды. Ошондой эле буга чейин күбө катары «Чоң казаттын» иши тууралуу сурак берип чыкканын, 28-майда саат 17.00гө кайрадан суракка баруу тууралуу кагаз келгенин айтты.

Буга чейин социалдык тармактарда «Чоң казат» деген уюмдун айрым аткаминерлердин, саясатчылардын байлыгы жөнүндө айтып чыкканы кызуу талкууланган. Ага дейре бул кыймылдын мүчөсү деген Сыймык Жапыкеев аттуу мурдагы прокуратура кызматкери Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөндүү жолдор менен байыган деп айыптап чыккан. Алардын арасында парламент депутаты Кубанычбек Жумалиев да бар. Жумалиев өз дарегине айтылгандарды четке каккан.

Ички иштер министрлиги Жапыкеевдин билдирүүлөрү боюнча «Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырык» деген берене менен, ал эми Финансы полициясы Жумалиевге карата «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде териштирүү жүргүзүп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG