Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:43

Кыргызстан Кытайдан карыз төлөөдө жеңилдик берүүнү суранды


Кытай менен Кыргызстандын мамлекеттик туулары.
Кытай менен Кыргызстандын мамлекеттик туулары.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кытайлык кызматташы Ван И менен кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттеринин ишин жандандыруу маселесин талкуулады. Кыргызстандын тышкы саясий мекемесинин басма сөз кызматы эки өлкөнүн министрлери 26-майда телефондон сүйлөшкөнүн билдирди.

Маалыматка караганда, анда Кыргызстанда кыргыз-кытай биргелешкен долбоорлорун ишке ашырыш үчүн Кытайдын адистеринин өлкөгө келиши тууралуу да сөз болду.

Чыңгыз Айдарбеков андан тышкары коронавирустун Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасирин эске алып, кызматташы Ван Ини Кытайга карата мамлекеттик карызды төлөөдө жеңилдик берүү жагына көңүл бурууга чакырды.

Ушул жылдын апрель айында президент Сооронбай Жээнбеков да Кытайдын лидери Си Цзиньпиң менен телефондон сүйлөшүп, Кытайдын алдындагы тышкы карыз боюнча төлөмдү жеңилдетүү жана төлөө мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуш кылган.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандын тышкы карызы 3,7 миллиард доллар болсо, бул карыздын эң чоң бөлүгү же 1,7 миллиард долларга жакыны Кытайга туура келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG