Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

Жайкы ысык жана COVID-19 ден соолукка олуттуу зыян тийгизиши мүмкүн экени эскертилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк метеорологиялык уюм быйыл жай өзгөчө ысык болорун жана коронавирустун жайылышы менен ал адамдардын ден соолугуна олуттуу кесепетин тийгизиши ыктымал экенин эскертүүдө.

AFP агенттиги белгилегендей, аптапта кондиционерден чыккан аба коронавирус эпидемиясы учурундагы санитардык сунуштарга карама-каршы келет.

Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун расмий өкүлү Клэр Нуллис 26-майда Женевада өткөн басма сөз жыйынында быйыл метеобайкоо тарыхындагы эң ысык жыл болорун айтты. Анын сөзү боюнча, көпчүлүк үчүн COVID-19 санитардык тобокелчиликтерди күчөтөт.

Май айынын ортосунда уюм 2020-жылдын жай мезгилинде аба ырайында адаттан тыш өзгөрүүлөр - тропикалык кеңдиктеги океандардын үстүндө жогорку температура жана Түштүк Америка менен Индостан жарым аралында жаан-чачын болорун эскерткен.

XS
SM
MD
LG