Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:23

УКМК: Алмазбек Атамбаев дарыланууга муктаж эмес


Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылында. 27-июнь, 2019-жыл.
Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылында. 27-июнь, 2019-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев медициналык кароого жана дарыланууга муктаж эмес. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мурунку президент күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө турат жана саламаттыгы жакшы.

22-майда Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев атасынын саламаттыгы начарлап жатканын «Фейсбуктагы» баракчасына жазган. Ага ылайык, Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсү менен жолугушуу учурунда өзүн жаман сезген. «Атама моралдык басым көрсөтүлүп жатат, бирок ал өзү даттангысы келген жок, бул анын принциптерине каршы келет» деп жазган Сейитбек Атамбаев.

Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начарлап жатканын анын адвокаттары да белгилешкен.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев баштаган бир топ адам 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясы үчүн айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камалган.

Башкы прокуратура анын офицерди өлтүрүүгө тиешеси бар экени аныкталганын 19-майда билдирген.

Атамбаевдин жакындары анын кан басымы төмөндүгүнө байланыштуу кооптонуп келишет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG