Биримдиктин дарегине айтылган сындын төркүнү кайда? Келишимдер эмне үчүн аткарылбайт? Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) Орусиянын геосаясий долбоору экендиги аныкталуудабы? Дегеле уюмдун келечеги барбы? Ушул ж.б. суроолорго «Арай көз чарай» берүүбүздөн жооп издедик.
Талкууга Кыргыз Республикасынын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Аскар Бешимов жана эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов катышты.
«Азаттык»: - Аскар мырза, ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн башчыларынын акыркы онлайн конференциясында уюмду өнүктүрүүнүн стратегиясы кабыл алынбай калды. Демейде мындай маанилүү документтер алдын-ала макулдашылат эмеспи. Бул жолу кеңешменин өзүндө четке кагылып калышынын себебин сиз эмнеден көрөсүз?
Аскар Бешимов: - ЕАЭБди 2025-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясынын долбоору 2018-жылдан бери талкууланып келатат. Бул маселеде мамлекеттердин ортосунда суроолор бар. Алардын бири – бул газдын тарифи. Беларус Республикасы бул боюнча көп маселелерди коюп келатат. Газдын тарифи боюнча айтканда Орусия монополия кылып алган. Мындан сырткары дүйнөлүк базарда мунай, газ арзандап жатканына карабай Орусия ЕАЭБдеги өнөктөштөрүнө газдын баасын төмөндөтүүгө көнбөй келатат. Акыркы саммитте Путин «бирдиктүү тариф саясаты болушу үчүн бирдиктүү бюджет жана бирдиктүү салык саясаты болушу керек» деп ачык эле айтты. Биз ушул убакка чейин «ЕАЭБ - экономикалык бирикме» деп келгенибиз менен, акыркы кеңешмеде бул саясат экендиги далилденди. Орусия бардык аракетин саясий нукка бурууда. Мурда Орусиянын аракеттерин Беларустун президенти сындап келсе, кечээгиде казак президенти да бир топ маселелерди ачык эле койду.
«Азаттык»: - Эдил мырза, казак президенти Касым-Жоомарт Токаев ал стратегияда айрым маанилүү жагдайлар каралбай калгандыктан кийинки кеңешмеде кабыл алууну сунуш кылды. Документте бардык тараптардын мамлекеттик кызыкчылыктары эске алынбай, бир тараптуу жазылып калгандыгынан ушундай болду деген пикирлер бар. Сиздин оюңуз кандай?
Эдил Осмонбетов: - ЕАЭБ мурдатан эле Орусиянын геосаясий долбоору экендиги белгилүү болчу. Уюмдун негизги стратегиясы - экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү. Бирок мунайдын, газдын арзандашы, бүгүнкү пандемия шартындагы кырдаал ага кирген бардык мамлекеттердин экономикасын оор акыбалга алып келди. Уюмга кирген өлкөлөр ортосунда бажы төлөмдөрү, алымдар боюнча маселелер келип чыгууда. Ошонун баары ар бир өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп бербей калып жатат. Казак президенти ушуга байланыштуу маселелерди койду. Уюмдун курамындагы өлкөлөрдүн ортосунда экономикалык кызматташтыкка тоскоолдуктар болбошу керек эле. Тилекке каршы, көп кыйынчылыктар жаралууда. Пандемия шартында ар бир мамлекет чек араларын жаап алып, ар бири өз кызыкчылыгын гана көздөп жатат, ЕАЭБдин максаттарын эстеген киши жок. Биргелешип күрөшүү, бирдиктүү фонд түзүү деген аракеттер да болгон жок. Ошондуктан бүгүнкү кырдаал бардык мамлекеттер үчүн сыноо болуп турат. Карагылачы, Европа Биримдигин: Франция менен Германия шаркеттеги башка бардык мамлекеттерге 550 миллиард евро акчаны жардам катары берүүдө. Насыя эмес, грант түрүндө бөлүп жатышат. Уюмдун кызыкчылыгы, жалпы аймактын кызыкчылыгы дегенде ушундай мамиле, ушундай саясат болуш керек эле.
ЕАЭБдин жоболорунда кандай гана маселе болбосун, мамлекеттер чоң, кичине экенине карабай теңата болушу керек эле. Бирок бардык маселелерди кароодо, чечүүдө Орусиянын үстөмдүгү сезилүүдө. Ошондуктан башкалар мамлекеттик кызыкчылыктарына жооп бербей жатат деп маселе коюп жатышат.
«Азаттык»: - Аскар мырза, ЕАЭБдин негизги максаты - өлкөлөрдүн экономикалык интеграциясын өнүктүрүү эле. Арадан беш жыл өттү, ошол максаттар орундалып жатабы? Интеграциялык кызматташтыкта анча-мынча жылыш барбы?
Аскар Бешимов: - ЕАЭБди түзүп жатканда төрт принцип болот деп айтылган: товарлардын, капиталдын эркин өтүшү, адам ресурстарынын, тейлөө-кызмат көрсөтүүнүн эркин жүрүшү. Иш жүзүндө андай болбой жатпайбы, товарлар эркин өтө албай калды. Ар кимиси өз экономикасын коргош үчүн башкалардын товарларын киргизбей, ар кандай тоскооолдуктар менен чыгарбай жатат. Казакстан эле Кыргызстанга канчалаган кыйынчылык жаратып келатат. Азыркы пандемия шарты бул уюмдун натыйжасыз иштеп жатканын көргөзүп койду. Ушул убакка чейин илдетке каршы турууда бирдиктүү кадам коё алышкан жок да. Ага карабай, ЕАЭБдин негизги максаты - экономикалык алакаларды өркүндөтүү экенине карабай, Орусия уюмдун ишине гуманитардык багыттарды: илим-билим, маданият ж.б. тармактарды кошууну сунуш кылууда. Бул накта саясий максат көздөгөнүн көрсөтүп жатат. Беларус, Казакстан, Армения саясатташкан кызыкчылык бар экенин ачык эле айтып келатышат. Кыргызстандын бул уюмга кошулгандагы жетишкендиги - Орусияда иштеп жүргөн биздин мекендештерибизге бир топ жеңилдиктер болду. Калган көп позициялар боюнча Кыргызстан уттуруп эле келатат. Уюмда өз кызыкчылыгын коргой албаган эң бечара өлкө Кыргызстан болуп калды. Жалпылап айтканда ЕАЭБ өткөн беш жылда өз алдына койгон максаттарына жетүүгө аракетин толук көргөзө алган жок...
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.