Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:56

Коопсуздук кеңеши антикоррупциялык жаңы стратегиянын долбоорун талкуулайт


Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 24-январь, 2020-жыл.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 24-январь, 2020-жыл.

2020-жылдын июнь айында 2020-2024-жылдарга карата өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик жаңы стратегиянын долбоорун талкуулаш үчүн жыйын өтөт. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды.

Стратегиянын долбоору Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы чечимдерин ишке ашырыш үчүн аталган кеңештин улуттук эксперттер тобу менен бирге иштелип чыкты. Президенттин сайтындагы маалыматта стратегия мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга багытталган, замандын шартына ылайыкташкан механизмдер иштелип чыкканы кабарланат.

Анда салык жана бажы жол-жобосун фискалдаштыруу, саясий кызматта иштегендердин байлыгын текшерүү, коррупциянын деңгээлин өлчөөнүн улуттук системасын түзүү, коррупция үчүн жазаны катаалдаштыруу сыяктуу чаралар камтылган. Стратегиянын толук долбоорун бул жактан окусаңыз болот.

Коопсуздук кеңешинин 24-январдагы жыйынында өкмөткө 30 мамлекеттик кызматкерге чара көрүү сунушталган. Ошондой эле мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы күрөш, санариптештирүү иштери жетишсиз деп табылып, тоо-кен тармагындагы жумуштарга канааттандырарлык эмес деген баа берилген.

2020-жылы коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашты. Былтыр өлкө 132-орунда болчу.

«Transparency International» уюму Кыргызстанда экономикалык бюрократия, саясий жемкорлук, трайбализм экономикалык өнүгүүгө жолтоо болууда деп эсептейт. (TSh)

XS
SM
MD
LG