Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:34

Бишкекте спортзалдар менен бассейндерге да уруксат берилмей болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 25-майдан тартып уруксат бериле турган ишкана-мекемелердин тизмесине спорттук, тренажердук залдар, фитнес-клубдар жана бассейндер да киргизилди. Мындай чечим Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабда кабыл алынды.

Маалыматта «санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди сактоо милдеттүү шарт болуп саналат. Имаратты дезинфекциялоо, администрация жана тейлөөчүлөр үчүн беткап, мээлей кийүү тартиби, ар бир кардар үчүн санитайзер, антисептик орнотуу жана санитардык аралыкты сактоо үчүн имараттын ичинде, шаймандардын ортосунда сызык белгилерин коюу керек» экени айтылды.

Контакт боло турган, командалык, жамааттык спорттун түрлөрү боюнча (футбол, күрөш, бокс, баскетбол ж.б.) борборлорго уруксат азырынча жок.

Коронавирустун алдын алуу максатында киргизилген өзгөчө абал шартында башка мекеме-жайлар сыяктуу эле спорт борборлору, залдар жана жайлар да убактылуу жабылган болчу.

Өкмөт 1-майдан тартып айрым багыттар боюнча бара-бара уруксат берип келе жатат.

25-майдан тартып иштей тургандардын тизмесине спорт жайлары кирген эмес.

Бул маселе коомчулукта кызуу талкуу жаратып, «Жүргүнчү ташый турган кичи автобустун ичиндеги шартка караганда тренажердук залдарда шарт кооптуубу?» деген суроо жаралган. (RK)

XS
SM
MD
LG