Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Парламентте Арпачиевге мунапыс берилгени тууралуу сөз болду


Кылычбек Арпачиев.
Кылычбек Арпачиев.

Парламенттин 21-майдагы сессиясында КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Кылычбек Арпачиев боюнча маселе көтөрдү.

«Арпачиевге карата «Коррупция» беренесин «Кызмат абалынан кыянат пайдаланган» деп өзгөртүп, мунапыс берип койдуңар», - деди Алтыбаева.

Жыйында былтыркы аткарган иштер тууралуу отчёт берген башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Кылычбек Арпачиевге карата козголгон кылмыш иштеринин беренелери өзгөргөнүн билдирди:

«Ал буга чейинки мунапыс. Ал жерде беренелер квалификация болуп атат. Сот башка беренеге өтүп, ошону менен чечим чыгарып атат. Анан колдонуп атат».

Депутат башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго: «Коррупция, педофилия боюнча кылмыштар мунапыска илинбеши керек деген беренелерди киргизсек болобу?» деп суроо узатты. Башкы прокурордун жообуна караганда, мыйзамга ылайык мунапыс кызматтык кылмыштардын бирине да, анын ичинде коррупциялык иштерге колдонулбайт.

Кылычбек Арпачиев 2015-жылы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун ишин жабыш үчүн андан 100 миң доллар пара талап кылган деген айып менен кармалган.

Биринчи май райондук соту Арпачиевди «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча актап, «Опузалап пара талап кылуу» беренеси боюнча 14 жылга эркинен ажыраткан. Сот муну менен катар «анын мүлкү мамлекетке чегерилсин, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөсүн, иш бөлмөсүнөн табылган 30 миң доллар мамлекетке өткөрүлсүн» деп чечкен.

Былтыр сентябрда камактагы Арпачиевдин иши жаңы кодекстерге ылайык кайра каралгандыктан мөөнөтү кыскарган. Жазасынын үчтөн бирин өтөгөндүктөн сот аны жатак абакка которгон. NT)

XS
SM
MD
LG