Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Дүйнөдө COVID-19 вирусун жугузуп алгандар беш миллион адамдан ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнө жүзү боюнча өпкөнү сезгенткен вирусту жугузуп алгандар 5 миллион 561 киши болду. Илдетке кабылгандардын саны жагынан биринчи орунда турган Кошмо Штаттарда бул ооруга 1,5 миллиондон ашык адам кабылды. Андан кийинки орундагы Орусияда жаңы вирусту жугузуп алгандар 308 миң кишиден ашты. Үчүнчү орунда турган Бразилияда илдет 291 миңге чукул жарандан табылды.

COVID-19 дүйнөдө 328 миңден көп кишинин өмүрүн кыйды. АКШда бул оорудан 93 миңден ашык, Британияда 35,5 миңдей, Италияда болсо 32 миңден көп киши көз жумду.

Бразилияда соңку бир күндүн ичинде эле бул оору 20 миңдей адамдан табылды. Эпидемия башталгандан бери жан бергендер 19 миңдей кишиге жакындады. Бразилияда оорунун очогу Сан-Паулу штаты менен анын административдик борбору болуп калды.

XS
SM
MD
LG