Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Депутат: айлыгы аз прокурорлор кымбат машинеде жүрөт, хан сарайда жашайт


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин 21-майдагы сессиясында КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев Башкы прокуратуранын ишин сындап чыкты. Анын айтымында, Башкы көзөмөл органы мыйзамсыз баюу фактылары боюнча жетиштүү иш жүргүзбөй жатат.

«Президент коррупция боюнча катуу айтты. Бирок мыйзамсыз баюу боюнча иш жүргүзүлбөй жатат. Берене бир-эки кишиге эле иштеген. Башкаларга иштеген жок. Мисалы, канча аткаминер жүрөт? Ошол эле прокуратурада отурушат. Кымбат машине айдап, хан сарайларда жашашат. Айлыктары өтө аз. Машинеси кымбат, жашаганы хан сарай болсо, эл айтат да. Эл билет, бирок иш дагы эле жок», - деди ал.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов мыйзамсыз баюу боюнча «иш жүрбөй жатат» деген сынга кошулбай турганын айтты:

«2016, 2017, 2018-жылдардын статистикасын карасаңыз. Мыйзамсыз баюу боюнча иштер чанда катталган. Азыр мындай иштердин реестрге көбүрөк катталып жатышын жакшы көрсөткүч деп айтсак болот».

Өткүрбек Жамшитовдун маалыматына караганда, 2019-жылы «Мыйзамсыз баюу» беренесине байланыштуу 19 материал Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Башкы прокурор бул иштердин чоо-жайына толук токтолгон жок. Прокуратура органдарындагы аз айлык, жакшы жашоо тууралуу депутаттын билдирүүсүнө да жооп берген жок.

Парламент бүгүнкү сессиясында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отчётун угуп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG