Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:01

ДССУ пандемия боюнча иликтөө жүргүзмөй болду


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебрейсус.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебрейсус.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) курамындагы мамлекеттер коронавирус пандемиясына байланыштуу глобалдык деңгээлде көрүлүп жаткан чараларды иликтөөгө макул болушту. Мындай резолюция уюмдун ассамблеясынын 19-майда жыйынтыкталган видео конференциясында жактырылды. Евробиримдик 100 мамлекеттин атынан сунуш кылган бул документ ДССУнун жетекчилигин «калыс, көз каранды эмес жана ар тараптуу» иликтөө жүргүзүүгө үндөйт.

Ошондой эле анда «вирустун адамдарга кандай жол менен жукканын» иликтөө тууралуу чакырык да камтылган. Бирок иликтөөнү ким жүргүзөрү, ал качан башталары так белгиленген жок.

18-майда АКШнын президенти Дональд Трамп ДССУ 30 күндүн ичинде ишин оңдоого милдеттенме албаса, бул уюмду каржылоону биротоло токтотуп коёрун эскерткен.

Ал ДССУну «былтыр декабрь айында Кытайдын Ухань аймагынан вирус тарап жатканы тууралуу маалыматтарды көз жаздымда калтырган» деп айыптап, уюм Бээжинден өз алдынчалыгын көрсөтүшү керек экенин билдирүүдө. Ошондой Трамптын администрациясы Кытайды «эпидемиянын масштабын жаап-жашырган» деп айыптап келет. Эл аралык уюм да, Бээжин да мындай дооматтарды четке каккан.

XS
SM
MD
LG