Кыргыз өкмөтү бул тармакта коркунуч бар экенин мойнуна алып, бирок ал мынчалык артка кетпей турганына ишендирүүгө аракет кылууда. Эмнеси болсо да кыргыз тикмечилери эки айдан бери ишсиз отурат.
Комиссия каккан коңгуроо
Коронавирус жараткан дүйнөлүк кризистин беш өлкөгө тийгизген таасирин талдаган Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) баяндамасында соода-сатыктын бардык тармактары каралды.
Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы өлкөлөрдүн экономикасына, финансы рыногуна, өндүрүшүнө, соода алакасына карата коркунучтар жана аларга байланыштуу өкмөттөрдүн аракеттерине да баа берилди.
Баяндамада келтирилген маселелер боюнча деталдуу түшүндүрмө алыш үчүн аталган органдын өзүнө кайрылганыбызда, расмий кайрылуудан соң гана жооп болорун кабарлашты.
ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин басма сөз кызматынын кеңешчиси Екатерина Домогатская буларды билдирди:
«Силерге аудиокомментарий керек экенин түшүнөм, бирок сиз комментарий алышыңыз үчүн биздин электрондук почтабызга суроо-талабыңызды жөнөтүңүз. Биз ошого карап гана сүйлөп бере турган кишини дайындап бере алабыз. Балким бүгүн, бирок так эмес. Анткени бизде бүгүн Евразия экономикалык жогорку кеңешинин жыйыны бар. Бирок аракет кылабыз. Бул баяндаманы даярдаган атайын блок бар, ошолор комментарий берет. Аларсыз биз эч нерсе бере албайбыз».
Ошентип, биз уюмдун басма сөз кызматынын электрондук дарегине кат жөнөттүк. Бирок жообун ала алган жокпуз. Ошол себептүү сөзүбүздү баяндамадагы цитата менен улантып туралы.
Демек, «Пандемия жараткан глобалдык экономикалык кризистин шартында макроэкономикалык туруктуулукка болгон коркунучтарга таасир этүү механизмдери» деп аталган баяндамада, Кыргызстандын экономикасы үчүн 2020-жыл оор болору белгиленген. Анын ичинде жеңил өнөр жайы чоң каатчылыкка кабылары айтылат.
«Алгачкы чоң соккуларга чектөө чаралары киргизилген, ошондой эле эл аралык соодага ачык жана интеграцияланган экономикалар туш келет. Арменияда жана Кыргызстанда кошумча дүң наркы 38,3% жана 35,5% чейин төмөндөйт.
Алтын өндүрүшүнө карабай (дүйнөлүк экономикадагы туруксуздук учурунда алтын туруктуу актив болуп эсептелет), Кыргызстан чоң жоготууга учурайт. Биринчи кезекте талап азайгандыктан жана Кытайдан чийки зат ташып келүү токтогондуктан текстил өндүрүшүндөгү алгачкы эффект 90% чейин түшөт деп бааланууда», - деп айтылат баяндамада.
Мындагы төмөндөөнүн көрсөткүчү - 2019-жылкы өндүрүшкө карата чагылып саналып жаткандагысы. Былтыр Кыргызстандагы жеңил өнөр жай ишканалары жалпысынан 9 млрд. 733 млн. сомдук товар өндүрүшкөн. Эгер ушул сумма 90% азаят десек, быйыл текстил тармагындагы өндүрүш болжол менен бир-эки миллиард сомдун тегерегинде гана болуп калышы мүмкүн экен.
Кыргыз өкмөтү болсо экономикадагы каатчылыктын терс таасирлерин өз чамасында баалап келет. Маселен, аткаруу бийлиги ички дүң өнүм (ИДӨ) 2020-жылы 5-7% чейин артка кетерин мойнуна алат. Өкмөт анын ичинде текстил тармагында да өндүрүш начарлай турганын ырастап, бирок ЕЭК билдиргендей коркунучтуу эмес деп ишендирүүгө аракет кылууда.
Өнөр жайы, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жеңил өнөр жай жана башка тармактар бөлүмүнүн башчысы Фатима Садамкулова «Азаттыкка» мындайча маалымат берди:
«Биздин эсебибизде, биринчи жарым жылдыкта жеңил өнөр жай өндүрүшү 40% чейин төмөндөшү мүмкүн. Анан экинчи жарым жылдыкта күзгү жана кышкы кийимдерди тигүү менен иш кайра жанданышы керек. Ошондо жыл жыйынтыгында бизде былтыркы жылдын көрсөткүчүнө жакындап барып калабыз. Ошондо өндүрүш 10% азаят деп эсептегенбиз. Албетте, бул ишканалар апрелдин аягынан тартып кайра иштей баштайт дегенди эске алуу менен караган талдообуз. Азыр эми болжол мындан да төмөндөйт. Бирок Евразия экономикалык комиссиясы болжогондой, тармак 90% артка кетет деп ойлобойбуз».
Улуттук статистика комитетинин эсебинде, 2020-жылдын алгачкы төрт айында Кыргызстанда бир млрд. 858 млн. 264 миң сомдук кийим жана бут кийим, булгаары жана башка булгаарыдан жасалган буюмдар өндүрүлдү. Бул былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 3-4% аз.
«Ишкерлерге көмөк керек»
Өнөр жай комитети карантин учурунда деле бир катар текстил ишканалары беткап, комбинезон тигип иштеп жатканын, 11-майдан тартып 25 ири фирма ишин жандантканын билдирүүдө.
Деген менен жалпы Кыргызстанда жеңил өнөр жай тармагындагы ири ишканалар кеминде 150нү түзөт. Мындан сырткары ыктыярдуу патент менен иштеген дагы сегиз миңдей жеке ишкер бар. Демек эсептелгенден калганы эки айдан бери таптакыр ишсиз отурат.
Себеби коронавируска байланыштуу өлкөдө 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал, 25-марттан тартып өзгөчө абал киргизилген. Өзгөчө абал 11-майда алынганы менен өзгөчө кырдаал дагы эле күчүндө. Эпидемиялык жагдай оорлошпосо, 22-майдан баштап калган ишканалар жана цехтер да иштей баштайт.
Бишкекте аялдардын кийимин тигүү менен иштеген «Сумая» фирмасынын жетекчиси Бегимай Абдулазизова андан кийин деле кырдаал жеңилдеп кетпей турганын билдирүүдө.
«Биз өзү март айына чейин эле кездеме жагынан кыйналып жаткан болчубуз, Кытайда карантин болгону үчүн рулондор келбей калган. Кездемелерди алып келүү кайра жанданганда бизде карантин киргизилди. Март айынын 20ларынан баштап биздин цехибиздин жумушу толук токтогон. 100дөй кызматкер иштетчүбүз, ошондон бери баары жумушсуз отурат. Башында эки жумадай деп жатканбыз да, соңунда узарып кетти. Эми кайра иштей баштасак, кайра эле кездеме табууда түйшүккө батчудайбыз. Себеби, базарда түрлөрү жок экен, ташып келүү жагы жакшы болбой жатыптыр. Кездемени эптеп таап иштейли десек, өндүрүшкө салганга, кыздарга маяна бергенге акчабыз калбай калды. Карантинде жеп-ичкенге, ижарага жана башка чыгымдарга жумшап койдук. Каражат да таап, кездеме да таап кийимдерди тиксек, чек аралар жабык, аны чет жакка сатышыбыз дале кыйын бойдон калууда. Кечээ күнү Орусияга, Казакстанга кетип жаткан фуралар чек арада токтоп калыптыр деп уктук», - деп кейиди ишкер.
Текстил тармагындагы ири ишканалар жана патент менен иштеген цехтер негизинен Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жайгашкан. Алардын товарларынын 90-95% чет жакка, өзгөчө Орусия менен Казакстанга экспорттолот. Башкача айтканда чек аралар ачылбаса карантин аяктаганы бир тыйын.
Ал эми чек араны ачууда Кыргызстан коңшуларынан суранганы эле болбосо, түз таасир этиши да кыйын. Бул алардын өздөрүндөгү эпидемиялык кырдаалдан көз каранды.
Анда кыргыз өкмөтү өз ишкерлерине эмне жагынан жардам кыла алат? ЖИА ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров бийлик бизнеске түрдүү жеңилдиктерди берип, каржы жагынан жардам көрсөтүп, пайызы аз насыяларды бериши керек деп эсептейт. Бирок азырынча мындай көмөктү алар сезе элек.
«Ишкерлердин көпчүлүгү өкмөттөн күткөнү - насыялар боюнча чечим. Өкмөт, ишкерлер банктын өкүлдөрү менен чогуу отуруп сүйлөшүп, конкреттүү жеңилдик берилсе жакшы болмок. Анткени Кыргызстандагы көпчүлүк ишкерлерде насыялык милдеттенмелери бар. Салык боюнча да көп кайрылып жатышат. Бул жерде сиз айткан биринчи жеңилдетүү программасында насыялар тууралуу кеңеш түрүндө айтып, салыктардын төлөө мөөнөтүн узартып эле коюшкан. Мисалы, азыр экономика жандана баштаганда биз насыяларды, салыктарды төлөө жагынан да, андан сырткары айыппулдар, ошол эле ишкердикке тиешелүү көйгөйлөр чыгып калса бул жагынан да кандай кылабыз деген маселелерде так маалымат болбой жатат», - деди Пакыров.
Өнөр жайы, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин эсебинде жеңил өнөр жай тармагындагы чакан жана орто ишканаларда, патент менен иштеген цехтерде түз жана кыйыр түрдө жалпы жонунан 150 миңдей киши эмгектенет. Бул эгерде ушул тармак жабыркаса, ошончо киши жумушсуз калат дегенди түшүндүрөт.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.