Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:26

Орозо айт майрамы 24-майга белгиленди, эртеси да дем алыш күн болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орозо айт майрамына байланыштуу быйыл Кыргызстанда 25-май, дүйшөмбү күн дем алыш болот. Бул тууралуу 19-майда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, расмий майрам күндөрү дем алышка туш келсе, андан кийинки жумуш күнү эс алуу болуп эсептелери Эмгек кодексинде жазылган.

Быйыл Орозо айы 24-апрелде башталган болчу.

Орозо айт майрамы 24-майда болорун муфтият кабарлап, мындай чечим Борбор Азия мусулмандары үчүн эл аралык астрономиялык обсерваториянын тажрыйбасын пайдалануу менен кабыл алынганын билдирди.

20-майга караган түн Кадыр түн болот. (RK)

XS
SM
MD
LG