Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:31

Пандемиядан улам бюджеттин киреше бөлүгү 30,8 млрд. сомго азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мунун басымдуу бөлүгүн салык жана бажы тармагынан түшкөн кирешелер түзөт. Бул маалыматты финансы министри Бактыгүл Жээнбаева бүгүн Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, 2020-жылдын мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгү 132,9 млрд. сом, чыгашасы 161.1 млрд. сом деп болжолдонгон.

Министр ортодогу ажырымды жабыш үчүн тышкы донорлордон каржы тартуу пландаштырылып жатканын кошумчалады:

«Бюджетти колдоого 410 млн. доллар өлчөмүндө гранттар жана насыя түрүндө тышкы донорлордон акча алынат. Коронавирусту жайылышынын алдын алыш үчүн 56 млн. доллар акча табылды. Экономиканы колдоо боюнча 14,5 млрд. сом өлчөмүндө донорлордон акча алуу боюнча сүйлөшүү, макулдашуулар жүрдү. Бюджет кабыл алынса, алардын айрымдарын иштете берсек болот».

Бактыгүл Жээнбаеванын маалыматына караганда, бул каражат Дүйнөлүк банк, Эл аралык Валюта Фонду, Азия өнүктүрүү банкы, Европа өнүктүрүү банкы жана башка ири дүйнөлүк каржы уюмдарынан алынат.

Министр мындан тышкары коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында жүргүзүлгөн иштер да бюджетке кошумча чыгаша алып келгенин кошумчалап кетти.

Коронавирустун жайылып кетишинин алдын алуу максатында Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып оору көп катталган айрым аймактарда өзгөчө абал жарыяланып, 11-майдан тартып кайра алынган. Өзгөчө кырдаал шартында карантин жарыяланып, көптөгөн ишканалар ишин токтоткон.

Бул кырдаалдан мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 30 млрд. сомго азаяры мурда кабарланган. Ушундан улам өкмөт бюджеттин чыгаша бөлүгүн кыскартып, оптималдаштырууну сунуш кылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG