Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:00

БУУ: Пандемияда психикалык саламаттыкка көңүл буруу зарыл


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

БУУ коронавирус пандемиясы адамдардын психикалык саламаттыгына байланышкан чоң глобалдык кризиске алып келиши ыктымал экенин эскертти.

Уюмдун эксперттери белгилешкендей, элдин көбү вирусту өздөрү же жакындары жугузуп алып өлүп калат деп сарсанаа болот. Башкалар менен көп аралашпоо, сыртка чыкпоо эрежелери ошол депрессивдүү маанайга салым кошууда.

14-майда жарык көргөн чакан баяндаманын авторлору пандемиянын биринчи айларында физикалык саламаттыкка артыкчылык берилип келгени менен кадимки турмушка кайтууда психикалык абалга көбүрөк көңүл буруш керек экенин айтышат. «Пандемия көзөмөлгө алынгандан кийин да азап чегүү, кооптонуу, депрессия адамдарга таасир эте берет», - деди БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш.

«Андан тышкары экономикалык кыйынчылыктар кошумча стресс жаратууда. Ушундан улам өз жанын кыюу, токсикомания өңдүү терс көрүнүштөр көбөйүшү мүмкүн. Коронавируска каршы күрөштө биринчи катарда турган жана адамдардын өлүмүнө күбө болгон медициналык кызматкерлер өзгөчө психологиялык стресске туш болушууда. Аялдар үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылып жатат. Балдарга да социалдык обочолонуу, окуу процессинин үзгүлтүккө учурашы же өзгөрүшү, үй-бүлөдөгү кыйын абал чоң таасир тийгизип келатат», - дешет БУУнун эксперттери.

XS
SM
MD
LG