Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:29

ЖАМК: Сапар Исаковдун жана башкалардын коронавируска анализи таза чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) камактагы тарапкерлеринен жана саясатчы Равшан Жээнбековдон коронавируска алынган анализдердин баары таза чыкканын кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 12-майда Равшан Жээнбековдон, Фарид Ниязовдон, Фархат Баабиевден, Сапар Исаковдон, Карыпбек уулу Рысбектен, Канат Осмоналиевден, Мээрбек Мискенбаевден жана Канат Сагымбаевден коронавируска анализ алынган.

8-майда Бишкектеги №1 тергөө абагынын бир кызматкеринен COVID-19 табылган. ЖАМК абакта абал туруктуу экенин, кооптонууга негиз жок экенин билдирген.

11-майда Кой-Таш окуясы боюнча жараянда айыпталып жаткандардын бири, Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев өзүндө вирустун белгилери бар экенин, саламаттыгына байланыштуу №1 тергөө абагынын жетекчилигине кат менен кайрылганын, бирок эч кандай аракет болбогонун билдирген.

2019-жылы 7-8-августта Чүйдүн Кой-Таш айылында Атамбаевди кармоо операциясында бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши алар тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 адамдын ичинен Атамбаев УКМКнын тергөө абагында, калгандары Бишкетин №1 тергөө абагында кармалууда. (RK)

XS
SM
MD
LG