Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:02

Депутат спорт агенттигинин чыгымын 70% кемитүүнү туура эмес деп эсептейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

12-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы боюнча комитетинин жыйынында депутат Таалайбек Масабиров өкмөттүн чыгымдарды азайтышы боюнча маселе көтөрдү. Депутат Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин чыгымын 70% азайтууну туура эмес деп эсептейт.

«72% кыскартуу деген 2020-жылы спорт жок дегенди билдирет. Эми 50% азайтсаңар туура болот. Июль айынан баштап өнүккөн өлкөлөр мелдештерди уюштуруп жатат. Ошондо кошумча каражат бөлүп бергиле», - деди эл өкүлү.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, министрликтердин чыгымынан жалпысынан 6 млрд. сомдой акча кемитилген. Жээнбаева бул сумма көбүнчө маданият, спорт тармагындагы иш-чаралардын өтпөй калганынан азайтылганын белгиледи. Бирок суммасын так айткан жок.

Буга чейин министрликтердин жана мекемелердин, анын ичинде президенттин жана өкмөттүн аппараттарынын чыгымдарын жалпысынан 10,6 млрд. сомго азайтуу боюнча чечим кабыл алынган.

Коронавируска байланыштуу өлкөдө бир топ маданий, спорттук иш-чаралар токтотулду. Улуттук филармония, Опера жана балет театры да көрүүчүлөр үчүн эшигин убактылуу жапты. (TSh)

XS
SM
MD
LG