Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:45

Кыргызстан Өзбекстанга гумжардам жөнөттү


Сардаба суу сактагычындагы ташкын коңшу Казакстанга да жетип келди. Мактарал районунан тартылган сүрөт.
Сардаба суу сактагычындагы ташкын коңшу Казакстанга да жетип келди. Мактарал районунан тартылган сүрөт.

Кыргызстан Өзбекстандын Сардаба (өзбекче «Сардоба») суу сактагычынын жырылышынан улам жабыркаган калкына гуманитардык жардам жөнөттү. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Гумжардам 1 000 тонна цемент, 100 тонна күрүч жана 10 тонна өсүмдүк майынан турат.

1-майдын таңында Өзбекстандын Казакстанга чектеш Сардаба суу сактагычы жырылып, эки өлкө 100 миңден ашуун жаранын коопсуз жайга көчүргөн. (RK)

XS
SM
MD
LG