Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

09:56 19.6.2020

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунан COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу Ибраим Нуракун уулу "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

“Урматтуу кесиптештер, ушул дем алыш күнү температура болгонума байланыштуу үйдө отуруп иштеп жаткам. Эртең жумушка чыгар алдында текшерүүдөн өтсөм, бир аз мурда эле доктурлар анализимден COVID-19 аныкталганын кабарлашты. Буга байланыштуу дагы 14 күн үйдөн чыкпай иштемей болдум. Мени менен жакын контактта болгон Жогорку Кеңештин басма сөз кызматындагы башка кесиптештерим да аралыктан иштөөгө өтүүдө”, - деп жазды.

Ал арадан 17-июнда Жогорку Кеңешке барган жаңы өкмөт башчы Кубатбек Боронов менен мурдагы премьер Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөт үйүнүн алдында аппараттын 100дөн ашык кызматкери менен түшкөн сүрөтү тарап кетти. Коронавирус күчөп турган кезде өкмөттүн кызматкерлеринин беткапсыз түшкөн сүрөтү социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына калды.

10:19 19.6.2020

19-июнда өлкө аймагында дагы 132 адамга коронавирус жукканы аныкталды.

Бул пандемия башталгандан берки Кыргызстанда бир суткада оору аныкталган эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Вируска чалдыккандардын басымдуу бөлүгү борбор калаада:

Бишкек шаарында – 48, Ош шаарында - 13, Ош облусунда - 12, Талас облусунда - 4, Жалал-Абад облусунда - 11, Чүй облусунда – 38, Нарын облусунда - 6.

Бир сутка ичинде ооруканадан 28 бейтап сакайып чыкты. Анын ичинен: Бишкек шаарынан –7, Чүй облусунда – 8, Ош шаарында – 5, Ош облусунда – 4, Нарын облусунда -4 бейтап айыгып, 19-июнда үйлөрүнө чыгарылды. Жалпы айыккандардын саны 1961 адам.

Акыркы суткада Бишкекте вирус жуктуруп алган 67 жаштагы эркек киши каза тапты.

Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар 2789 адамга жетти.

  • Жалал-Абад облусунда – 206,
  • Ош облусунда – 286,
  • Ош шаарында - 307,
  • Чүй облусунда – 307,
  • Бишкек шаарында – 916
  • Баткен облусунда – 40,
  • Нарын облусунда – 429,
  • Ысык-Көл облусунда –33 киши.
  • Талас облусунда - 25 киши.

Алардын 533ү медкызматкерлер. 381и айыкты.

Обсервацияда жаткандардын саны 1569 адам. 1961 адам айыкты. 544 адам ооруканада, 34 адамдын абалы оор, 6 адам реанимацияда жатат. 32 адам каза болду.

10:52 19.6.2020

Социалдык тармактарда тараган "Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев коронавирус жугузуп алыптыр" деген маалыматты шаардык мэриянын басма сөз борбору ырастады.

Калаа башчысынан COVID-19 17-июнда аныкталган. 18-июнда мэриянын бардык кызматкерлери ПЧР анализ тапшырып, азыр жыйынтыгын күтүп жатышат.

Мекемеден кабарлашкандай, мэрияда иш ыргагы токтогон жок жана кандай тартип колдонулары эми белгилүү болот.

18-июнда шаардык кеңеште 18 депутаттын катышуусунда жаңы төраганы шайлоо өтүп, ага шаар башчысы катышкан эмес.

11:26 19.6.2020

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал коопсуздук кеңешинде талкууланып жатат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өтүп жаткан жыйында өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал талкууланууда. Жыйынга бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери катышып жатат.

Президенттик аппараттын маалыматына караганда, мамлекет башчыга вице-премьер-министр Аида Исмаилова жана саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов коронавирус инфекциясынын жайылып кетишине жол бербөө максатында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Кыргызстанда 19-июнга карата 132 адамдан коронавирус аныкталды. Бул пандемия башталгандан бери Кыргызстанда бир суткада вирус аныкталган эң жогорку көрсөткүч. Буга чейин 16-июнда бир суткада 100, 17-июнда 90, 18-июнда 95 адамдан оору аныкталган.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы үч киши 18-мартта аныкталган. Учурда жалпы ооруга чалдыккандардын саны 2789 адам. 1961 адам сакайып кетти. 32 адам оорудан көз жумду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG