Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

17:52 2.8.2021

Мектептерди ачып, балдарды реалдуу шартта окутууга өтүү ыктымалдыгы боюнча маселе мугалимдердин “Август кеңешмесинде” талкууланат. Бул тууралуу 2-августта Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди:

“Бүгүнкү күндө Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен бирге “Август кеңешмесине” даярдык жүрүүдө. Билим берүү жана илим министрлигинин мектептердеги реалдуу шартта окууга даярдыгы каралууда”.

Коронавируска байланыштуу 2020-жылдын мартында жабылган мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлар толук ачыла элек. COVID-19 жуккан адамдар боюнча расмий статистикада Бишкек биринчи орунда турат, өлкө боюнча бул вирус дээрлик 165 миң кыргызстандыкка жукту, алардын 2,3 миңден ашууну каза болду.

17:51 2.8.2021

Кыргызстандын билим берүү тармагында иштегендердин 54-80% коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу 2-августта Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, бала бакчалардын кызматкерлери арасында COVID-19га каршы вакцина алгандар бүгүнкү күндө 80%, мектептерде 70-80%, кесиптик билим берүү мекемелеринде 60%, жогорку окуу жайларда 54,5% жетти. Кээ бир мекемелерде эмделгендер жамааттын 100% түзүүдө.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн жалпы саны 2-августка карата 574 миңден ашты. Ооруну жугузуп алгандардын расмий катталган саны 165 миңге, каза болгондор 2344 адамга жетти.

Учурда республиканын бардык аймактарында "Спутник V", Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын алууга шарт бар.

Мамлекеттик окуу жайлардын жана бала бакчалардын көбү, айрыкча Бишкектегилер коронавируска байланыштуу 2020-жылдын март айында жабылгандан бери ачыла элек. Окуу аралыктан жүрүп жатты.

17:51 2.8.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 2-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан 9 адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2344 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 897 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (619), Чүй (66) жана Жалал-Абад (66) облустарында.

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 164 743кө жетти.

Бир күндө 1316 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3779 адам жатат, дагы 9913 бейтап үйдөн дарыланууда.

20:42 29.7.2021

«Нетфликс» жана Google кызматкерлерин вакцина алууга милдеттендирди

«Нетфликс» компаниясы Кошмо Штаттарда кино тартуу аянтчаларында иштеген кызматкерлерин вакцина алууга милдеттендирди. The Hollywood Reporter басылмасы кабарлагандай, аталган компания учурда актерлорду жана алар менен байланышта болгон кызматкерлерди эмдөөдөн өткөрөт.

Андан тышкары Google компаниясы дагы карантинден кийин кеңселерин толук ачардан мурда кызматкерлерден вакцина алууну талап кыларын билдирди.

Интернет-гигант өз кеңселерин 1-сентябрдан баштап акырындан ачууну көздөп жатат. Үйдөн иштегиси келбеген 144 миң кызматкер жумуш ордуна кайтуу үчүн толук эмдөөдөн өтүшү зарыл. Ушундай эле кадамга «Фейсбук» компаниясы да барары маалымдалды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG