Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:57

Орусия: алтынчы күн катары менен 10 миң адамдан коронавирус табылды


Орусия.
Орусия.

Орусиянын COVID-19га каршы оперативдүү штабынын маалыматына ылайык, 8-майда 10 669 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул өлкөдө алты күн катары менен илдет жуктургандардын саны 10 миң адамдан жогору болуп жатат дегенди билдирет. Ушуну менен өлкө боюнча жалпы ооругандар 187 859 кишиге жетип, Орусия илдет жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө бешинчи орунда болуп жатат.

Орусияда эпидемиологиялык курч кырдаал сакталып жатканынан улам Коммунисттер партиясынын лидери Геннадий Зюганов президент Владимир Путинге кат жолдоп, абакта жазасын өтөп жаткан айрым категориядагы адамдарды бошотууга үндөдү.

Москва шаарынын тургундарына үйдө отуруу көрсөтмөсү бергилгенине алты жума болду. Сыртка азык-түлүк же дары-дармек сатып алуу үчүн гана чыгууга уруксат берилет.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 9-майга карата дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 3 миллион 938 миңден ашты.

Алардын 274 898и жашоо менен кош айтышса, дээрлик 1 миллион 322 миңден көбү сакайды.

Оору эң көп жуккандар АКШда, ал жакта илдетке чалынгандар 1 283 929 адам. Илдет кеңири жайылган он мамлекеттин катарында Испания, Италия, Британия, Орусия, Франция, Германия, Түркия, Бразилия жана Иран бар.

XS
SM
MD
LG