Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:18

«Айыл банктын» 10 миңден ашуун кардарынын үстөк төлөө мөөнөтү жылдырылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу аталган банктын башкармалыгынын башчысы Бактыбек Шамкеев бүгүн, 8-майда брифингде билдирди. Анын сөзүнө караганда, өзгөчө кырдаал жана абал шартында кардарларын колдош үчүн банк 10 153 кардарына насыянын үстөгүн төлөө мөөнөтүн жылдырып берген. Бирок Шамкеев бул мөөнөт канча убакытка жылдырылганы, мөөнөтү бүткөндөн кийин үстөк кандай шартта төлөнөрү тууралуу толук маалымат берген жок.

«Айыл банк» жыл башынан бери 17 миң кардарга 4 млрд. сом өлчөмүндө насыя берген. Анын ичинен 793 млн. сом айыл чарба иштерин жүргүзүү максатында 1 108 кардарга берилген.

Өзгөчө кырдаал шартында ишканалардын, соода түйүндөрүнүн жана тейлөө кызматтардын ишин убактылуу токтотууга байланыштуу Улуттук банк коммерциялык банктарга насыялардын үстөк пайызын төлөө мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө сунуш менен кайрылган.

Айрым банктар насыянын үстөгүн төлөө мөөнөтү үч айга жылдырылганын билдиришкен. Бирок ошол эле учурда кардарлар насыянын үч айлык үстөгүн чогуу бир төгүү талап кылынып жатканына нааразы болушкан.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып Бишкек, Ош шаарлары баштаган айрым аймактарда өзгөчө абал киргизилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG