Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:46

Акын Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлык уюштурулду


Зайырбек Ажыматов
Зайырбек Ажыматов

“Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду жана “РухЭш” сайты акын, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматовдун атындагы адабий сыйлык уюштурушту. Бул тууралуу “РухЭш” сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакир маалымдады. Анын айтымында, учурда сыйлыктын жобосу даярдалып жатат.

“Негизги критерийлердин бири - эч бир саясий топко жан тартпаган, бийликке кошомат кылбаган, жалаң чыгармачылык менен изденген акындар катыша алат”, - деди Олжобай Шакир.

Сыйлык жыл сайын Зайырбек Ажыматовдун туулган күнү – 27-майда 35 жашка чыга элек бир гана акынга ыйгарылат. Олжобай Шакир сыйлык жаш таланттарды колдоо максатында берилерин белгиледи. Сыйлыктын ээсине атайын диплом жана 100 000 сом берилет.

"Азаттык" радиосунун кабарчысы, бир нече китептин автору, көп жылдан бери медиа тармагында эмгектенип келген журналист Зайырбек Ажыматов 29-апрелде 44 жашында дүйнөдөн кайткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG