Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:54

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлерине компенсация төлөө маселеси чечилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус жуккан медицина кызматкерлерине мамлекеттен компенсация төлөө маселеси чечилди. Бул тууралуу 5-майда “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинин юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү буйрук бүгүн чыкты:

"Бүгүн өкмөттүн буйругу чыкты. Ал жерде оору жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго 1 миллион сом деп так көрсөтүлдү. Эртеңден тартып төлөнө баштайт".

Жалпысынан 5-майга карата Кыргызстанда коронавирус 843 адамдан табылды, алардын 217си медицина кызматкери. 11 бейтап кайтыш болду, алардын бири Бишкектеги №3 бейтапкананын дарыгери болчу. 600 адам айыгып чыкты, алардын 150сү медицина кызматкери.

Коронавирус жуккан дарыгерлерге компенсация тууралуу буйрук азырынча расмий жарыялана элек. Өкмөттүн бул боюнча планы тууралуу 10-апрелде айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG