Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:12

АКШда COVID-19 илдетине каршы эксперименталдык дарыны колдонууга уруксат берилди


"Ремдесивир" препаратын сыноо маалында тартылган сүрөт, Калифорния, 11-март 2020-жыл.
"Ремдесивир" препаратын сыноо маалында тартылган сүрөт, Калифорния, 11-март 2020-жыл.

АКШ өкмөтү COVID-19 илдетине каршы эксперименталдык дарыны колдонууга уруксат берди.

"Ремдесивир" аттуу антивирустук дары коронавируска чалдыккан бейтаптардын тезирээк айыгышына өбөлгө түзөрү аны сыноо учурунда аныкталган. АКШнын азык-түлүк жана дары-дармек тармагын көзөмөлдөө башкармалыгынын комиссары Стивен Хан 1-майда "Ремдесивир" дарысы ооруканадагы бейтаптарга өтө зарыл болгон учурда пайдаланыларын билдирди.

Вируска каршы "Ремдесивир" дарысын америкалык "Гилеад" фармацевтикалык компаниясы алгач эбола вирусун дарылоо максатында иштеп чыккан.

Быйыл 21-февралда башталган экспериментке дүйнө жүзүндөгү COVID-19 илдетине чалдыгып, ооруканага жаткырылган 1063 бейтап катышкан. Адистер "Ремдесивирди" колдонгон оорулуулардын абалын бул дары берилбеген бейтаптардын тобу менен салыштырышкан. Натыйжада бул дары менен дарылангандар 11 күндө айыгып чыкса, аны колдонбогондор кеминде төрт күнгө кечирээк сакайышкан. "Ремдесивир" берилген топто өлүм да азыраак катталган.

Дарыны сыноо жыйынтыгы жарыя кылынган 30-апрель күнү АКШнын президенти Дональд Трамп "Ремдесивирди" массалык түрдө колдонууга уруксат берүү маселеси караштырылып жатканын айткан.

Кан тамырга сайыла турган бул дарыны көбөйтүү 4-майдан тартып башталары кабарланды.

XS
SM
MD
LG