Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Кытай Трамптын саясий кызыкчылык тууралуу дооматын четке какты


Республикачыларда азырынча президент Дональд Трампка атаандаш талапкер чыга элек.
Республикачыларда азырынча президент Дональд Трампка атаандаш талапкер чыга элек.

Кытай АКШнын президенти Дональд Трамптын «Бээжин ноябрдагы шайлоодо менин жеңилип калышыма кызыкчылыгы бар» деген дооматын жокко чыгарды.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Гэн Шуан 30-апрелде брифингде «АКШдагы президенттик шайлоо өлкөнүн ички иши болуп саналат, биз ал иштерге кийлигишүүгө кызыкпайбыз. Биз АКШдагы адамдар Кытайды өздөрүнүн шайлоосунун алдындагы саясатына аралаштырбайт деп үмүттөнөбүз», - деди.

Дональд Трамп шаршембиде «Reuters» маалымат агенттигиндеги маегинде анын шайлоодо жеңилип калышы үчүн «Кытай болгон аракетин жасайт. Бээжин бул шайлоодо менин атаандашым, Жо Байдендин жеңишин каалайт» деп айткан.

Кошмо Штаттарда шайлоо 2020-жылы 3-ноябрда өтөт. Республикачыларда азырынча президент Дональд Трампка атаандаш талапкер чыга элек. Демократтардын атынан болсо мурдагы вице-президент Жо Байден шайлоого аттанууда.

XS
SM
MD
LG