Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:28

Масалиев: Күч кызматкерлеринин кошумча акысын бергиле


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бүгүн, 30-апрелде өкмөт башчынын алдына ушундай талап койду. Депутат өзгөчө кырдаал шартында күнү-түнү иштеп жаткан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери мыйзамдуу акчасын алышы керек экенин эскертти:

«Мендеги маалыматтар боюнча, март-апрель айларында Мамлекеттик бажы кызматы жана Мамлекеттик салык кызматы бюджетке 13 млрд. сом жыйнаган. Мындан тышкары эл аралык каржы уюмдарынан 123 млн. доллар келди. Анан неге «акча жок» дейсиңер? Милицияга, аскер кызматкерлерине кошумча акы төлөнүп берилиши керек. «Милиция кызматкерлери кошумча акыдан баш тартып жатышат» дейсиз. Андай болбойт, төлөп бергиле, кошумча акысын».

Исхак Масалиев өкмөттүн отставкасын талап кылуу зарылчылыгы келип чыкканын да эскертти.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өзгөчө кырдаал шартында мыйзам боюнча айлык акы үч эсе көп төлөнүп берилүүгө тийиш экенин белгилеп, бирок алар бюджетти колдош үчүн андан баш тартып жатышканын айткан.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү бүгүн, 30-апрелде өзгөчө кырдаал шартында коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча аткарылган иштери тууралуу парламентте маалымат берип жатышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG