Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Борис Жонсон уулдуу болду


Борис Жонсон колуктусу менен.
Борис Жонсон колуктусу менен.

Британ премьер-министри Борис Жонсондун аялы Кэрри Саймондс Лондондо 29-апрелде көз жарып, уулдуу болушту. Премьердин кеңсеси эне-баланын саламаттыгы жакшы экенин билдирди. Айрым маалымат каражаттары бала мөөнөтүнөн эрте төрөлгөнүн жазышты.

55 жаштагы Борис Жонсон 32 жаштагы Кэрри Саймонд менен баш кошорун ушул жылдын февраль айында жарыялаган жана колуктусу кош бойлуу экенин билдирген.

Жонсон ушул дүйшөмбү күнү коронавирус менен катуу ооруп айыккандан кийин жумушка чыккан. Ал бул илдетти бир айдай мурун жугузуп алган. Оорусу күчөп кетип ушул айдын башында госпиталга бир жума жаткан жана үч күнүн реанимация бөлүмүндө өткөргөн.

Жонсондун экинчи аялынан төрт баласы жана никесиз төрөлгөн дагы бир баласы бар экени белгилүү.

XS
SM
MD
LG