Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:00

ТИМ чет жактагы кыргыз жарандарына: Мүмкүн болушунча азыр жайгашкан жерде туруп турсаңыздар


Новосибирск. Иллюстрациялык сүрөт.
Новосибирск. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мекенине кайтууну пландап, бирок коронавирустун айынан чет мамлекеттерде калууга мажбур болгондорду сабырдуулукка чакырды.

29-апрелде өткөн брифингде министрдин орун басары Нуран Ниязалиев Кыргызстанда дарыгерлер, санитарлар, күч түзүмдөрү абдан оор шартта иштеп жатканын белгилеп, эгер чет мамлекеттердеги жарандар көп санда кайтып келсе алардын ишине кыйынчылык түзүлөрүн айтты:

“Ошондуктан биздин жарандардан түшүнүүнү, сабырдуулукту суранып кетет элем. Бул пандемия жоюлганда, дүйнөдө жана Кыргызстанда абал турукташканда авиакаттамдар башталат, ошондо жарандарыбызга кайтып келүүгө толук мүмкүнчүлүк болот".

Ошону менен катар Ниязалиев санитардык талаптарды сактоо да манилүү экенин сунуш катары белгиледи:

"Мүмкүн болушунча азыр жайгашкан жерде туруп турсаңыздар. Сыртка көп чыкпай, ошол өлкөнүн органдарынын сунуштарын, карантин жана санитардык эрежелерин так аткарсаңыздар. Себеби өзүңүздөр да илдетке дуушар болуп, башкаларды да кооптуу абалга алып келишиңиздер мүмкүн. Азыр кыргыз өкмөтү сырттагы жарандарга жардам берүү боюнча бир топ иштерди жүргүзүп жатат. Учуп кете албагандарды убактылуу жай жана тамак-аш менен камсыз кылууга каражат бөлүнгөн. Анын ар бир тайыны көзөмөлгө алынат, финансылык отчет түзүлөт”.

Ниязалиев мигранттарга деп бөлүнгөн каражатты бөлүштүрүүгө диаспора өкүлдөрү да катышып жатканын кошумчалады.

15-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында коронавирустун айынан чек аралар жабылгандыктан мекенине кайта албай жаткан кыргыз жарандары тууралуу маселе кызуу талкууланган.

ТИМдин 29-апрелге карата маалыматына караганда, ошондон бери 1,5 миңдей кыргызстандык мекенине алынып келинди. Учурда дагы 58 мамлекетте кыргыз жараны өлкөгө кайтууга жардам күтүп жатат.

Ниязалиев учурда өкмөт мекенине кайтууну каалагандар боюнча үзгүлтүксүз иш улантып жатканын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG