Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:06

58 өлкөдө кыргыз жарандары мекенине кайтууга жардам сурап жатат


Нуран Ниязалиев.
Нуран Ниязалиев.

Дүйнөдө коронавирус пандемиясы башталгандан бери жалпысынан 8 миңге жакын кыргызстандык мекенине кайтты. Бул тууралуу 29-апрелде тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Алар Орусия, Болгария, Вьетнам, Доминика Республикасы, Египет, Индия, Корея Республикасы, Малайзия, Бириккен Араб Эмираттары, Польша, Таиланд, Түркия, Франция, Шри-Ланка жана Ооганстан мамлекеттеринен кайткандар.

Алардын 1,5 миңдейи соңку эки апта ичинде келди (Түркиядан, Орусиядан, Бириккен Араб Эмираттарынан).

Ниязалиев белгилегендей, учурда дагы 58 мамлекетте кыргыз жарандары алып кетүүнү суранып жатышат.

Алар Европа, Азия, Түндүк Америка жана Африка мамлекеттериндегилер.

Ниязалиев: «Биз алар менен сөзсүз байланыштабыз. Алар тууралуу толук маалымат бар. Биздин тизмеге киргизгенбиз. Элчиликтер, консулдуктар алар менен байланышып турат. Тышкы иштер министрлигинин сайтында маалымат бар», - деди.

Чет мамлекетте калган кыргызстандыктар маселеси 15-апрелде Жогорку Кеңеште каралып, өкмөттүн бул багыттагы иши сынга кабылган. (RK)

XS
SM
MD
LG