Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34

Европа Биримдиги Кыргызстанга 36 миллион евро бөлмөй болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдиги (ЕБ) Кыргызстандын коронавируска каршы көрүп жаткан аракеттерине колдоо көрсөтүш үчүн 36 миллион евро бөлмөй болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, бул каражат грант түрүндө берилет жана макрофинансылык туруктуулукту, социалдык коргоону, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, саламаттык сактоо тармагына, кризис-менежментке жана жеке секторго жардам берүүгө жумшалат.

ЕБдин элчиси Эдуард Ауэр: «Бул колдоосу менен Европа Биримдиги Кыргызстан жана анын эли менен глобалдык кризис учурунда тилектеш экенин көрсөтүүдө. Биз кабыл алган чаралар эң зарыл маселелерди чечүүгө багытталат. Ишеничтүү өнөктөш катары ЕБ кризис аяктагандан кийин да жардамын уланта берет» деп билдирди.

Грант түрүндө бөлүнө турган каражаттын 30,8 миллион евросу бюджеттин тартыштыгын азайтыш үчүн казыналыкка которулат.

2014-2020-жылдары ЕБ Кыргызстанга жалпысынан 263 миллион евролук колдоо көрсөттү.

COVID-19 илдети Кыргызстанды да каптаганы президент Сооронбай Жээнбеков жана кыргыз өкмөтү бир нече мамлекеттен, он чакты эл аралык финансылык мекемеден жардам сураган.

Өкмөт коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам быйыл республикалык бюджетке 27-28 миллиард сом түшпөй калышы мүмкүн экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG