Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:03

№3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун сегиз кызматкеринен COVID-19 аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун баш-аягы сегиз кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкек шаардык мэриясынын саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилова билдирди.

Анын сөзүнө караганда, аталган борборду карантинге жабуу маселеси азыр бир жаңсыл болуп чечиле элек.

«Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча вирус алты кызматкерден чыкты. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борбору бизге сегиз киши деп маалымат берди. 24-апрелде борбор дезинфекция болду. Бирок айрым иш бөлмөлөр жабык турат. Алар да тазалангандан кийин иштээр-иштебесин санэпидкөзөмөл борбору айтат».

26-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дагы үч кызматкеринен COVID-19 вирусу аныкталганын, алар илдетти жумуш учурунда жуктуруп алышканын билдирген.

Бактыгүл Исмаилова сөз болуп жаткан бейтапкананын дарыгерлери вирусту кайдан кантип жугузуп алганы иликтенип жатканын айтты. (BTo)

XS
SM
MD
LG