Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:56

23-апрель: Коронавирус 19 адамдан жаңы аныкталды, бир бейтап каза болду (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы суткада өлкө аймагында дагы 19 адамга коронавирус жукканы аныкталды.

Бир адам каза болду. Ал Чүй облусунан 56 жаштагы аял киши болгон.

Илдет жаңы жуккан 19 кишинин ичинен Бишкек шаарында – 8, Чүй облусу – 4, Ош шаарында – 4, Ош облусунда 3 киши катталды. 19 адамдын бешөө - медициналык кызматкери, үчөө – дарыгер.

Акыркы суткада 48 бейтап айыгып чыкты.

Ушуну менен өлкөдө СOVID-19 илдетине 631 адам чалдыкты.

Жалал-Абад облусунда – 109, Ош облусунда – 154, Ош шаарында - 101, Чүй облусунда – 38, Бишкек шаарында – 141, Баткен облусунда – 6, Нарын облусунда – 74, Ысык-Көл облусунда – 8 киши. Алардын 162си медкызматкерлер.

Обсервацияда жаткандардын саны миңден ашты. 302 адам оорудан айыкты. Беш адамдын абалы оор. Сегиз адам каза болду.

COVID-19 вирусун жугузган алгачкы үч киши Кыргызстанда 18-мартта катталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG