Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Элмирбектин кетиши элдин эсин эки кылды


Маркум Элмирбек Иманалиев.
Маркум Элмирбек Иманалиев.

Кыргыз менен казакка таанымал төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиев 20-апрелде кечинде 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Акындын өлүмү анын жакындары жана күйөрмандары үчүн күтүүсүз сокку болду. Жамы журт сыздап, сөз баккан адамдардын ичи ачышып турган кез.

Төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин Бишкектин Туңгуч районунда жайгашкан үйүнүн алдына үч боз үй тигилген. Иманалиевдин сөөгү эртең, 22-апрелде жерге берилет. Ак таңдай акын 42 гана жашта болчу.

Элмирбек Иманалиев кант диабети менен жабыркап жүргөнүн жакындары билдиришти. Күтүүсүз өлүмдүн себеби да ушул болгону айтылууда.

«Айтыш» коомдук фондунун теңтөрагасы Асылбек Маратовдун билдиргенине караганда, абалы оорлошкон Элмирбек Иманалиевди Бишкектин ооруканалары карантинге байланыштуу кабыл албай, дарыгерлер алгачкы жардам көрсөткүчө бир сааттан ашык убакыт өтүп кеткен.

Асылбек Маратов.
Асылбек Маратов.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасына алып барсак Фучик паркындагы ооруканага жиберишти. Ал жакка барсак кайра «атайын ооруканага» жиберишти. Дарыгерлер «карантин маалы» деп кабыл албай өтө кечиктирип коюшту».

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы дарыгерлер акынды кеч кабыл алганы тууралуу кабары жоктугун, бул маселени тактап анан жооп берерин билдирди.

Элмирбек Иманалиев акыркы жолу эл алдына 2014-жылы Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган эл аралык айтышта чыккан.

Эки элдин айтыштарында ак таңдай акын атаандаштарынын домбурасын ыкка келтирип, казакча обон салып калың элди кубанычка бөлөчү.

Андан кийин Кыргызстандагы ири айтыштар Иманалиевсиз өтүп турду. Бул аралыкта акын шакирт таптап, төкмө өнөрүнө салым кошуу менен алек болду. Окуучуларынын бири Акматбек Султанов устатын көзүнө жаш алуу менен эскерип жатат:

Калкка түйшүк жараткан окуя чыкса тынч ала албай, өзү кайнап, алкынып турган киши болчу...

«Эл билгендей Иманалиев өрнөктүү устат, мээримдүү мугалим, татыктуу тарбиячы болчу. Элди сүйгөнү ушунчалык. Калкка кичинекей түйшүк жараткан окуя чыкса жүрөгүнө сайылып калар эле. Андай учурда тынч ала албай, өзү кайнап, алкынып турган киши болчу».

Элмирбек Иманалиевди башка акындардан айырмалап, топ арасынан бөлүп турган негизги өзгөчөлүгү болгон. Эл артисти демократ акын эле. Ал ар дайым чындыкты ырдаган. Замандаштары Элмирбек Иманалиев коомдогу окуяларга жарандык позициясын дайым билдирген, мамлекеттик башкарууда кемчиликтерди тартынбай сындаган, эркин ой жүгүрткөн акын катары жашап өткөнүн белгилеп жатышат.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун айтымында, Элмирбек Иманалиев азыркынын гана алпы эмес, кыргыздын бүтүндөй тарыхында бараандуу орду бар.

Кыяс Молдокасымов.
Кыяс Молдокасымов.

«Ал бийликти да, байлыкты да караган эмес, - деди ал. - Өз оюн, сөзүн тартынбай түз айткан акыркы акындардын бири болду. 2010-жылдагы революциядан кийин «Бийлик, эсиңерге келгиле!», «Балдардын төгүлгөн канын акташыңар керек» деп ырдагын Элмирбек болгон. Тарыхта таамай, чындыкты чыркыратып ырдаган акындар аз. Азыр деле мыктылар бар. Бирок алар таарынбасын, Элмирбектей феномендин жаралышы сейрек кездешет».

Иманалиевдин төкмөлүк өнөрдөн тышкары да таланттары көп эле. «Айтыш» коомдук фондунда көптөгөн жаш акындардын устаты болгон. Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. Төкмөлүк акындан сырткары «Манас» айтып, дастандарды мыкты чеберчиликте аткарган. Ал ырчы, обончу катары «Аруузатым», «Булбулум», «Жалгыздыктан тажап бүттүм», «Коштошуу вальсы», «Мунарым», «Балкыма» сыяктуу эл оозундагы мыкты бир топ чыгармаларды жараткан. Мындан тышкары унутта калган мурда жашап өткөн акындардын айтыштарын эске салып, алардын мазмунун бузбай кудум өздөрүндөй аткара билчү. Акындын досу Кубат Болотканов Элмирбек Иманалиевди түгөнгүс кенчке теңеп, «кыргызга бере турганы дагы көп эле» деп эскерип отурду.

«Толубайдын тулпарындай болуп кайсыл сайга салбагын кете берген жигит эле. Сөзмөрлүгү бир шумдук болчу. Жумалап жанында жүрсөң да бир айтканын экинчи кайталачу эмес. Улам бир жаңы, керемет окуяларды угуп жүрчүсүң. Мындай тышкары жазма акындыгы да бир башка эле. «Манасты» да өзгөчө обон менен айтчу. Эпосту өзү көркөмдөп, төгүп айтар эле. Көбү биле бербейт, Элмирбек мыкты куудул да болчу».

Чыгаан акын Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. 13-14 жашынан баштап колуна комуз алып чоң айтыштарга катыша баштаган. Элмирбек Иманалиев бир нече республикалык жана эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү, калк жактырып уккан бир нече обондордун автору болгон. Акындын артында үч кызы, үч уулу калды.

«Өзү бизден кетсе да, сөзү жашайт биз менен!»
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:09 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG