Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:31

Өлкө жетекчилиги акын Элмирбек Иманалиевдин көзү өткөнүнө байланыштуу көңүл айтты


Элмирбек Иманалиев.
Элмирбек Иманалиев.

Эл артисти Элмирбек Иманалиев 20-апрелде 42 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Маркумдун сөөгү 22-апрелде Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган өлкө жетекчилеринин, чыгармачыл чөйрөнүн атынан жарыяланган некрологдо кыргыз маданияты орду толгус чоң жоготууга учураганы айтылды.

Анда: «Иманалиев соңку мезгилдин залкарлары Эстебес, Тууганбай, Ашыралы сыяктуу жез таңдай акындардан таалим алып, улуттук өнөрдүн көчүн татыктуу улап, төкмөлүк өнөрдүн туу башында келди. Эл сүймөнчүгү, нукура акын Элмирбек Иманалиев таланты менен өлкөбүздө өткөн кадыр-барктуу конкурстарда, фестивалдарда бир нече жолу баш байгелерди жеңип алып, элибизге аттын кашкасындай таанылган. Борбор Азия өлкөлөрүндөгү белгилүү төкмөлөр менен айтышып, күч сынашып, башкы байгелерди жеңип, акындык өнөрдүн аброюн көтөргөн. 2003-жылы Казакстандын Астана калаасындагы төкмө акындар фестивалында баш байгени утуп алып, казак бир туугандарыбыздын зор алкышына ээ болгон. Элмирбек Иманалиев - көп кырдуу талант, анын жараткан обондору жалпы элибиздин жан дүйнөсүнө айланып, Кыргыз радиосунун алтын фондуна жазылган. Ал манасчылык, дастанчылык өнөрдү туу тутуп, кыргыздын атактуу эпосторун, дастандарын жогорку чеберчилик менен аткарып келди. Кыргыз Улуттук академиялык драма тетарында драматург С.Алтымышевдин «Токтогул» драмасында башкы ролду ойноп, Токтогулдун жаркын образын жараткан. Таланттуу акын, ак таңдай төкмө Элмирбек Иманалиев өмүрүнүн акыркы жылдары «Айтыш» коомдук фондунун устаты, «Төкмө келсе төр бошот» теледолбоорунун негиздөөчүсү, жаш акындардын өнөр устаты болуп келди. Чыгармачылыгынын гүлдөп турган мезгилинде дүйнө салды, анын артында мыкты чыгармалар, мукамдуу ырлар калды. Нукура талант, кыргыз элинин сыймыгы, улуттук өнөрдүн көрүнүктүү залкарларынын бири катары Эл ырчысы Элмирбек Иманалиевдин жаркын элеси элбиздин жүрөгүндө түбөлүк жашайт» деп айтылат.

Ак таңдай төкмө акын, манасчы, обончу, дастанчы, актер Элмирбек Иманалиев Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Улуттук филармониянын студиясын аяктаган, «Сейтек» борборунда, Улуттук филармонияда, Чүй облустук драма театрында иштеген. Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин аяктаган. Төкмө акындардын мектебине айланган республикалык «Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири болгон жана анда беш жыл төрагалык кызмат аткарган.

Маданиятка кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын Эл артисти деген ардактуу наамы ыйгарылган.

XS
SM
MD
LG