Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Түркмөнстанда нан кескин кымбаттады


Түркмөнстан. Архивдик сүрөт.
Түркмөнстан. Архивдик сүрөт.

Ашхабадда ундун тартыштыгынан улам 2 манат турган нан эки жарым эсе кымбаттап, 5 манаттан сатылууда.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлагандай, жергиликтүү өндүрүштөн чыккан ундун баасы 7ден 9 манатка көтөрүлдү. Адамдар кечинде кезекке жазылып, таң эрте дүкөндөрдүн алдында тизилүүдө. Кырдаалды полиция көзөмөлдөп, 10 метр аралыкты сактоону талап кылып жатат.

Бюджеттин негизги кирешесин берген газ арзандаганы Түркмөнстан соңку үч жылдан бери оор экономикалык каатчылыкты башынан кечирүүдө. Бийлик кризисти моюнга албаганы менен жарандар азык-түлүк тартыш, накталай акча жетишсиз экенин билдирип жатышат. Өлкөдө коронавирус жок экени расмий айтылганы менен пандемияга байланыштуу чектөөлөр абалды ого бетер кыйындатууда.

Түркмөнстанда расмий курс боюнча 1 доллар 3,5 манатка, көмүскө базарда андан бир канча эсе жогору бааланат.

XS
SM
MD
LG