Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:09

Рамзан Кадыров үйдөн эки күн чыкпоого буйрук берди


Рамзан Кадыров.
Рамзан Кадыров.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өлкөнүн тургундарына эки күн үйдөн чыгууга тыюу салды. Карантин эрежеси 18-19-апрелде күчүндө болорун "Грозный" телеканалы кабарлады.

Сыртка чыгууга медиктер, жол коопсуздугун тейлегендер, коммуналдык жана куткаруу кызматтарында иштегендер гана акылуу. Ошондой эле атайын өткөрмө кагазы барларга уруксат берилет.

Мурдараак "Новая газета" күбөлөргө таянып, Рамзан Кадыров Чеченстанга 29-марттан бери катаал режим киргизгенин жазган. Маалыматта полиция кызматкерлерине желим түтүк берилгени, аны менен беткап кийбеген адамдарды уруп-сабап жатышканы айтылган.

Коронавирустан улам 5-апрелден тарта Чеченстанга башка аймактардан автоунаалардын киришине тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG