Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Тажикстанда журналист Далер Шарифов бир жылга соттолду


Далер Шарифов.
Далер Шарифов.

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарындагы Шомансур райондук соту журналист Далер Шарифовду бир жылга жалпы режимдеги колонияга кести. Соттун чечими 16-апрелде чыкты. Мамлекеттик айыптоочу аны эки жыл төрт айга эркинен ажыратууну сураган. Тажикстандагы белгилүү журналист үч айдан бери тергөө абагында болчу.

Далер Шарифов ушул жылдын башында Тажикстандагы парламенттик шайлоону утурлай камалган. Ага «улут аралык жана диний кастыкты козуткан», өлкөдө 2006-жылдан бери тыюу салынган «Мусулман агайындар» кыймылынын атынан «үгүт жүргүзгөн» деген айып коюлган. Шарифов күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Эл аралык «Чек арасыз кабарчылар» уюму тажик бийлигин Далер Шарифовду токтоосуз түрмөдөн бошотууга чакырган жана ага кылмыш ишинин козголгонун «акылга сыйбай турган көрүнүш» катары сыпаттаган.

XS
SM
MD
LG