Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

ӨКМ табигый кырсык коркунучу бар жерде жашагандарга эскертүү берди


Сузактагы жер көчкү коркунучу бар аймактардын бири.
Сузактагы жер көчкү коркунучу бар аймактардын бири.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаз-жай айларында сел жүрүү, жер көчкү коркунучтарынан улам кооптуу аймактарда жашагандарга эскертүү берип жатат.

Министрликтин маалыматы боюнча, Ош облусунда табигый кырсык коркунучу бар жерде жашаган адамдарга, жергиликтүү бийлик органдары менен мекеме-ишканаларга 1617 эскертүү берилди.

ӨКМ өзгөчө кырдаалдардын алдын алыш үчүн «Жашыл долбоор» ишке ашып жатканын, анын алкагында кооптуу участоктордо бак-дарактарды отургузуш керек экенин билдирди.

Ош облусунда 11 обьектидеги 17,6 гектар жерге 20 миң 475 көчөт отургузуу белгиленип, Кара-Кулжа районунда иш толугу менен бүткөн. Ал эми Өзгөн жана Ноокат райондорунда күзүндө отургузула турган болду. (BTo)

XS
SM
MD
LG