Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:24

ЭВФ: коронавирустан улам быйыл дүйнөлүк экономика 3% чейин төмөндөйт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) мындай божомолун 14-апрелде жарыялады. Аталган фонд глобалдык экономика 90 жыл мурдагы «Улуу депрессиядан» бери биринчи жолу мындай кескин төмөндөөгө туш болгонун билдирди.

Фонддун жаңы баяндамасы дүйнөлүк экономика 2008-жылдагы глобалдык финансы кризисинен да оор күндөргө туш болгонун ырастады. Ага ылайык, эгер коронавирус пандемиясы 2020-жылдын жарымында ооздукталып калса, быйыл глобалдык экономика 3 пайызга чейин төмөндөшү мүмкүн. Бул январь айындагы бир жылдык божомолдон 6,3 пайызга аз.

Уюмдун эсеби боюнча, 2020-2021-жылдары COVID-19 илдетинен улам дүйнө өлкөлөрү жалпысынан 9 триллион доллар кирешесинен айрылат. Бул Германия менен Жапониянын экономикасынын көлөмүнөн да көптүк кылат.

ЭВФ коронавирустан жаралган мындай кырдаалды «Улуу карантин» деп мүнөздөп, аны 1930-жылдардагы «Улуу депрессиядан» бери дүйнө экономикасы туш болгон эң терең рецессия деп атады.

XS
SM
MD
LG