«Ит жатак» деген сөз бар. Көчмөн доордо кыргыздар жайлоо-кыштоолорго боз үйлөр менен көчүп жүргөндүгү белгилүү. Ошондо боз үйдөн мындайраак жерге жатып жүргөн иттер жаткан жерин карайтып, такырайтып жиберген. Мындан улам кары кетип калган дөбөлөрдү кыргыздар «ит жатак» деп атап алышкан.
* * *
«Ит балдак» деген бар. Колдорун суудан чыгара кулач таштап, сууда сүзүүнүн ыкмасы, түрү. «Ал жигит ит балдак урганды жакшы билет экен» дейт. «Чабак урганды жакшы билет экен» деген мааниде.
Ушул эле сөз, арышын кере таштап, улам кызый чуркап келаткан күлүктөргө карата да айтылат. «Жаныбарым Тайтору ит балдак уруп катуу чуркап алыптыр» дейт.
* * *
«Ит арка» деген бар. Ынтымагы жок, ыркы жок, бирдиктүү эмес дегендик. «Биздин ыйманы, ырысы төгүлүп турган элди ар кайсыл жактан кирген диний агымдар 30 жылга жетпеген убакыттын ичинде ит арка кылып салышты» дейт.
* * *
«Ити май жебеген» деп коёт. Чириген бай, байлыгы ашып-ташыган адамдарга айтылган сөз. «Ал ушул 30 жылдын ичинде ити май жебеген байлардын бирине айланды» дейт.
* * *
«Ит аяк кечирүү» деген бар. Көз тийбесин деген ишеним боюнча баланы итаяктан аттатып, аны начар, бирөөлөрдүн суктанарлык, көзгө урунарлык эчтекеси жок ит аяктан аш ичкен эме деп көрсөтүүгө багытталган ырымдоо жөрөлгөсү. «Жалгыз бала деп, ит аяктан кечиришти» дейт.
* * *
«Ит куйругун түйүштүрүү» дейт. Бири-бирине араздаштыруу, каршылаштыруу, бузукулук иш кылуу. «Анын атын укканда эле: «Аа, кудай албагыр, баягы ит куйругун түйүштүрмөйүн тим жүрбөгөн немеби?» деп турушат» дейт.
* * *
«Иттен илгери, кишиден кийин» деген сөз бар. Эл катары орточо турмушта эмес, эптеп-септеп күн көргөн деген мааниде. «Азыр элдин арасында иттен илгери, кишиден кийин» жашап тургандар да жок эмес, адегенде ошолорду дарегин аныктап чыккыла» дейт.
* * *
«Ит терисин башына каптоо» деп коёт. Аябай ызалап, кыйнап, кордук көрсөтүү. «Агасынын көрбөгөнү көр болуптур, малдай кылгандар анын ит терисин башына каптаптыр» дейт.
* * *
«Иттин арткы шыйрагындай». Кебет-кейпи кеткен, өтө начар деген мааниде колдонулат. «Эми аны эмнеге чакырып келдиң, иттин арткы шыйрагындай кылып…» деп капа болду» дейт.
* * *
«Ит өлүк кылуу» деген бар. Абдан уят кылуу, абийрин кетирүү, маскаралоо дегендик. «Элдин алдына алып чыгып ит өлүк кылды» дейт.
Дагы бир түрү - кылмышы бар экенин далилдеген соң акыл-эстен тангыча сабоо, тепкилөө, көгала койдой союу. «Жалгыз саап ичип турган уюн уурдап кеткени үчүн ташбашаттыктар аны ит өлүк болгончо ташбараңга алышты» дейт.
* * *
«Иттен чыгаруу» деген бар. Эптеп жөнөтүү, куру жооп айтуу, алкамыш болуп жолго салуу. «Жөн эле ишенип барыпмын, көрсө мени иттен чыгарып коюптур» дейт.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.