Карантин маалындагы жашоо
Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Андыктан Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду.
25-марттан тартып Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондору, Жалал-Абад облусунун Сузак району өзгөчө абал режиминде жашап жатат. Өзгөчө абалдын шартында түнкүсүн көчөгө адам да, машине да чыкпашы керек, күндүзү дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат. Топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө, уруксаты жок болсо жумушка барууга тыюу салынган.

1
Бишкекте айрым соода дүкөндөрү кардарлардан дүкөнгө кирүү үчүн сөзсүз бет кап кийүүнү талап кылууда.

2
Ош шаарындагы жип менен тосулган жол.

3
Ош шаарынын кире беришиндеге блок-постто турган милиция кызматкери.

4
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Бишкектеги жер алдындагы өткөөлдү дезинфекция кылууда.

5
Бишкектеги жаңы конуштарга кире турган айрым көчөлөр казылып, автоунаалардын жолу тосулган.

6
Ош шаары. Өзгөчө абалга байланыштуу базарлар, соода борборлору, ишканалар, кызмат көрсөтүү жайлары жабылган. Бул өз кезегинде миңдеген адамды күнүмдүк кирешесинен кол жуудуруп, социалдык чыңалууну пайда кылды. Ишкерлер эсепсиз чыгымга учурады.

7
6-апрелде Каракол шаардык штабынын чечими менен 52 батирлүү көп кабаттуу №55 турак үй өзгөчө карантинге алынып, жалпы эшиктерге кулпулар салынды, дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. (Сүрөт Алена Хоменкого таандык).

8
Көп кабаттуу үйдүн өзгөчө карантинге алынышына Индияга төрт айлык дааватка барып, 22-мартта кайтып келген тургундан коронавирус табылганы жана ал жолугушкан адамдар тууралуу маалымат бербей жатканы себеп болгон.

9
Каракол шаарынын мэриясы мындай чара коронавирустун жаңы түрүнүн жайылуу тобокелдигин алдын алуу максатында жасалганын билдирди.

10
Каракол шаарындагы №55 турак үй.

11
Ош шаардагы айрым көчөлөр автоунаа өтпөгөндөй болуп тосулган.

12
Ал көчөлөргө сырттан эч ким кирбейт жана жашоочулар да чыгышпайт. Ош шаары.

13
Ош шаарындагы тосулган көчөлөрдүн бири.

14
Карантинге байланыштуу эрте жазда алган түшүмүн кайда алып барып сатуунун жолуп таппай же коюлган посттордон өтө албай дыйкандардын түйшүгү арбыды. Араван району.
Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам Кыргызстандын экономикасы акыркы айларда эле 5 миллиард сом зыян тартты.
Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам Кыргызстандын экономикасы акыркы айларда эле 5 миллиард сом зыян тартты.

15
Милиция кызматкерлери шаардагы ар бир автоунаанын кыймылына көз салууда. Бишкек шаары.

16
Айрым аймактарда жарандардын өзү менен алып жүргөн буюмдары да дезинфекцияланууда. Сузак району.

17
Өзгөчө абалда жашап жаткан Ош шаары.

18
Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат.